Суйунтбек Мамыралиев подписал с «Дордоем» новое однолетнее соглашение. Воспитанник клубной Академии в минувшем сезоне провел 24 матча, в которых отметился 9 забитыми мячами. В общей сложности в составе Клуба он провел 92 официальных матча.
Его дебют состоялся в 2017 году в гостях против «Алая» (1:1). После подписания нового контракта, Суйнутбек ответил на вопросы нашей пресс-службы:
- У тебя были хорошие предложения из других клубов, но ты подписал с клубом новое соглашение. Почему?
- Да, несмотря на хорошие предложения из других команд, я решил подписать с «Дордоем» новое соглашение. Потому что в этом клубе я всегда чувствую себя как дома. Меня вдохновляет поддержка команды и её стремление к успеху. Также я верю, что здесь мы вместе достигнем новых целей.
- Тебе осталось немного до преодоления отметки в 100 матчей за «Дордой». Надеемся, что в новом сезоне ты добьешься этого. Что это может означать для воспитанника клубной академии? Так как из академии «Дордой» выходят очень много талантливых ребят, но не все достигают этой отметки?
- Это - большая гордость и ответственность. Это даётся не каждому воспитаннику академии. Такое достижение вдохновит меня стать ещё сильнее и даст еще большую мотивацию.
- Какие цели ты ставишь в предстоящем сезоне?
- Моя главная цель на новый сезон – стать чемпионами и внести свой вклад в это. Также хочется улучшить свои игровые качества и показывать стабильную игру. Буду также стараться радовать болельщиков и оправдывать их доверие.
Сүйүнтбек Мамыралиев: «Бул клуб мага ар дайым өз үйүмдөй сезилет»
Сүйүнтбек Мамыралиев биз менен жаңы бир жылдык келишим түзүп, кийинки жылы да «Дордой» клубунун намысын коргойт. Ошол боюнча биз менен маектешти.
- Башка клубтардын жакшы сунуштарына карабастан, «Дордой» менен жаңы келишим түздүң. Эмне себептен?
- Башка клубтардын жакшы сунуштарына карабастан, мен «Дордой» менен жаңы келишим түзүүнү чечтим. Анткени бул клуб мага ар дайым өз үйүмдөй сезилет. Команданын колдоосу жана ийгиликке умтулуусу мени шыктандырат. Ошондой эле, «Дордой» менен дагы көптөгөн максаттарга жетүүгө ишенем.
- «Дордойдо» 100 расмий оюн өткөргөнү сага аз эле калды. Буйурса келе жаткан сезондо бул белгини аттайсың. Клубтун тарбиялануучусу үчүн бул эмнени билдирет? Себеби «Дордой» академиясынан көп эле таланттуу оюнчулар чыкканы менен, баары 100 оюн өткөрбөйт.
- «Дордойдо» 100 расмий оюн өткөрүү мен үчүн – бул чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул клубдун тарбиялануучусу катары, өзүмдү тарыхка салым кошкон оюнчулардын катарында көрүүмдү билдирет. Себеби көп таланттуу оюнчулар чыкканы менен, 100 оюн өткөрүү ар бирөөгө буйруй бербейт. Бул жетишкендик мени дагы да күчтүү болууга шыктандырат. Жана көп-көп мотивация берет.
- Алдыда келе жаткан сезондо астыңа кайсы максаттарды коёсуң?
- Алдыда келе жаткан сезондо негизги максатым – команда менен чемпиондук наамдарды утуп, клубтун ийгилигине салым кошуу. Ошондой эле, өзүмдүн оюнумду дагы да өркүндөтүп, жогорку деңгээлде туруктуу ойноону көздөйм. Мындан сырткары, күйөрмандарды кубантып, алардын ишенимин актоо менин бул сезонго койгон максатым.